7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: “Дизелдин 1 литри 63-64 сомдон ашпашы керек”

670

Нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү макулдашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

5-августта  УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев КРнын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы А.К.Абдуваповдун, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д.Тайлаковдун жана ошондой эле күйүүчү май рыногунда баа түзүү маселеси боюнча ата мекендик мунай рейдерлеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер тарабынан май куюучу жайларда жогорулатылган баада дизель майы сатылып жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу, өз тарабынан нефтетрейдерлерге социалдык багыттагы баа саясатын кармануу сунушталып жана бааларды төмөндөтүү зарылдыгы ошондой эле калкты арзан баада дизель майы менен камсыз кылуу үчүн бааларды төмөндөтүү жана мындан кийин дизель майынын 1 литри 63-64 сомдон ашпаган бааны белгилөө зарылдыгын белгиленди.

Өз кезегинде нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү макулдашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

671