Бүгүн, 8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин ар түрдүү суроолоруна жооп берди.
«Кумтөр» маселеси боюнча жоопко тартылып жаткандардын арасында, 2009-жылкы «Кумтөр» боюнча келишимдин автору Акылбек Жапаров суракка чакырылабы деген суроого да жооп берди.
«Мен Акылбек Жапаров келишимдин автору экенин билбейм. Бирок ал келишимде Акылбек Жапаровтун колу жок болуп чыкты. Эгер жоопту жерлерде Акылбек Жапаровтун колу болсо же коррупцияга айыпталган адамдар менен бирге өзүнүн кызыкчылыгында иш жүргүзгөн болсо биз жоопко тартабыз. Биз аны суракка чакыртмак турсун, керек болсо камайбыз. Биз эч кимди аябайбыз.
Эч ким ойлогон эмес Өмүрбек Бабанов түрмөгө отуруп калат деп, ага эч ким тийбейт деп ойлошкон, биз аны камадык. Анткени коррупция боюнча анын конкреттүү эпизодтору бар. Ушул сыяктуу эле Асылбек Жээнбековго эч ким тийбейт деп ойлошкон. Себеби ал мурдагы президенттин иниси деп. Биз аны дагы камадык«,- деди Ташиев.