7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Хабибилла Азиреткуловго Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батир тапшырды

247

Бүгүн, 22-октябрда, УКМКнын төрагасы К.К.Ташиев муктаж болгон маданият жаатындагы КР эмгек сиңирген артисти Азиреткулов Хабибилла Мустапакуловичке Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батир тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин үй-бүлөсүндө жашы жете элек балдары бар обончу жана композитор Азиреткуловдун турак жай маселесин жакшыртууга муктаж болгондугу, көп жыл бою ижарадагы батирде жашап келгени жөнүндө кайрылуусу Жогорку Кеңеш аркылуу УКМК төрагасы К.К.Ташиевге жөнөтүлгөн.

Кайрылуунун натыйжасында Х.Азиреткуловдун оор турмуштук жагдайын жакшыртууга көмөк көрсөтүү иретинде Бишкек шаарынын кичи райондорунун бириндеги 2 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.

Белгилей кетсек, Хабибилла Азиреткулов өмүр бою маданият тармагында иштеп, ушул күнгө чейин турак жайлуу болгон эмес. 8 балалуу болуп, анын төртөөсү бойго жетелектер. Азыркы учурда пенсия жашына жетип, 66 жашында Бишкек шаарындагы орто мектептердин биринде музыка сабагынан окутуучу болуп эмгектенет.

248