Бүгүн, 15-апрелде Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы паркта УКМКнын аскер кызматкерлеринин катышуусунда 300 түп көчөт отургузулуп, андан соң ишембилик өткөрүлдү.
Иш-чарага Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, А.К Бакаевдин жубайы, жакын туугандары жана айыл тургундары катышты.
Акциянын максаты — жергиликтүү тургундардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу жана паркта жагымдуу микроклиматты түзүү болуп саналат. Өз кезегинде УКМК төрагасы бак-дарактарды отургузуу калктуу конуштарды өнүктүрүүгө жана келечектеги урпактарга эң жакшы мурас калтырууга себеп болорун белгиледи.
Аны менен катар Ташиев паркка ысымы ыйгарылган генерал-лейтенант Бакаев А.К. эгемендүү Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдарынын түптөлүшүнө зор салым кошконун, элдин кызыкчылыгы үчүн жан аябаган жалындуу патриот катары элдин эсинде сакталып кала берээрин кошумчалады.
Өз кезегинде Жаңы-Жол айылынын тургундары жана Бакаевдин үй-бүлө мүчөлөрү бир канча жылдан бери пландалып, бирок ишке ашпай келе жаткан парктты көрктөндүрүү иштерин көзөмөлгө алып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Камчыбек Ташиевке ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, аталган саамалык Садыр Жапаровдун демилгелеген «Жашыл мурас» улуттук долбоорунун алкагында уюштурулган. УКМК төрагасынын айтымында көчөт тигүү иштери өлкөнүн башка аймактарында дагы улантылат.