7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлерге китеп чыгаруу демилгесин көтөрдү

395

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча китеп чыгаруу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,              үстүбүздөгү жылдын 10-январында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев кеңешме өткөрүп, анда ведомствонун башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда каза болгон жоокерлерди түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.

Жыйында биринчи кезекте Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кагылышууда курман болгон аскер кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча китеп чыгаруу тапшырмасы берилди.

Окурмандардын (өзгөчө жаш муундардын) патриоттук сезимин жана курман болгон жоокерлерге болгон сый-урматты чыңдоо максатында кагылыш болгон жерлерде түз иш алып баруу, согушка чогуу катышкан жолдоштору, командирлер менен баарлашуу сунушталды.

Жыйында аталган басылманы республиканын бардык орто мектептерине жана жогорку окуу жайларына таратуу чечими кабыл алынды (Басылманы окуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине окуу планына өзгөртүү киргизүү боюнча сунушу менен). Ошону менен бирге китепти ишке ашыруу коммерциялык максатты көздөбөшү керектиги айтылды.

Жыйындын соңунда генерал-лейтенант Ташиев алдыдагы иштерге өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылууну жана бул демилгенин мамлекеттик маанисин жана маанилүүлүгүн эске алууну тапшырды, ошондой эле ачылышын жарыялоо боюнча иштер 2023-жылдын 31-августуна, акыркы мөөнөтү кыргыз-тажик жаңжалынын бир жылдыгына (2023-жылдын сентябрь) чейин бүтүшү керектиги жарыяланды жана китептердин бет ачары майрамдык маанайда өтөөрүн кошумчалады.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

396