7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев менен Ятимов жолугуп кыргыз-тажик чек арасын талкуулады

540

Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Тараптардын жолугушуусу 29-мартта Баткен облусунун Баткен шаарында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулоо менен эки мамлекеттин чек арасын аныктоодо олуттуу натыйжаларга жетишти. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна бул багыттагы ишти улантуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

541