7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев мушташтан кийинки митинг боюнча комментарий берди

424

Камчыбек Ташиев Бишкекте түндөгү митинг боюнча билдирүү жасап, күнүнө мыйзамсыз жүргөн 30-50 мигрантты таап өлкөдөн чыгарып жаткандыгын айтты.

“Кечээ 18 жаштан 25 жашка чейинки 700дөй бала топтолгон. Алар башка мамлекеттен келип иштеген мигранттардын көбөйүп кетүүсүнүн негизинде топтолушкан. Балдардын талаптары кайсы бир деңгээлде туура деп эсептейм. Биз буга байланыштуу чараларды көрө баштаганбыз. Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мыйзамсыз жүргөн мигранттардын жоопкерчилигин кароо боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Күнүнө мыйзамсыз жүргөн 30-50 мигрантты таап өлкөдөн чыгаруудабыз.

Кечээ топтолгон адамдардын арасында коомдук тартипти бузуу, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч жаратуу аракеттерин да карайбыз. Мамлекеттик органдар тарабынан аларга эч кандай күч колдонулган жок. Арасында чагымчылар болгонун да билебиз, анын баарын тактадык”,-деди ал.

425