7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Нарынга айыл чарба техникаларын тапшырды

10

УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында болгон иш-сапарынын жүрүшүндө, «Атайын жана айыл чарба техникаларын тапшыруу» аземине катышты.

Аземде сөз сүйлөп, Президент Садыр Жапаров жалпы Нарын элине чоң салам жолдогонун айтып, климаты катаал Нарын облусу Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин айтып, аткарылып жаткан долбоорлорго тыкыр көз салаарын маалымдады. Учурда Нарын облусунда 127 обьект курулуп жатат. Бул үчүн 15 млрд сомдук мамлекеттик каржылоо бөлүндү.

Аземдин жүрүшүндө Камчыбек Ташиев Нарын районунун акимине жаңы айыл чарба техникаларынын ачкычтарын тапшырды. Анда автогрейдер, комбайн, жүк ташуучу унаа жана эксковатор бар.

Жалпы 70 миллион сомдук 10 даана атайын жана айыл чарба техникалары алынды.

Мындан тышкары:

— Ак-Талаа районундагы «Ак-Булак» сүттү кайра иштетүүчү цехин ишке киргизүү жана тоют базасын чыңдоо үчүн жалпы баасы 5 миллион сомдук – ҮТО LX804 трактору, чөп чапкыч Е-302, Плуг, Пресс-подборщик ZOOMLION

— Ат-Башы районундагы инерттик курулуш материалдарын өндүрүү кызматын күчөтүү, бетон чыгарууга чийки заттарды даярдоо үчүн баасы 3 700 000 сомдук бир даана Авто-Бетон Миксер;

— Нарын шаарына курулуш иштерин аткарууга зарыл болгон, жалпы баасы 16 355 000 сомду түзгөн: Авто-Бетон Миксер, Автокран вышка, Автокран манипулятор, Автокран;

— Нарын шаарындагы «Ордо-Тех» кызмат көрсөтүү иш-канасына жалпы баасы 15 985 860 сомдук атайын техникалар: Жүк ташуучу Самосвал-Хова (HOWO) 2 даана, Эксковатор Хюндай-145;

— Нарын районуна 560 баш меринос койдун тоют базасын чыңдоо үчүн баасы 2 миллион сомдук БЕЛАРУС-892-2 трактору

Жалпы 41 240 860 сомду түзгөн атайын жана айыл чарба техникалары тапшырылды.

Ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануулары, аткарылып жаткан жумуштардын мөөнөттөрүн жана сапатын өзгөчө көзөмөлгө алуу боюнча катуу тапшырмаларды  берди.

Муну менен катар ушул жылдын октябрь айынын башында, Нарын облусунда жалпы курулуп жаткан обьектилерди кайрадан жеринде көрүү үчүн келерин билдирди.

11