7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Оштогу «Достук» чек ара бекетин күтүүсүз текшерди

565

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен жергесине жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында жайгашкан кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» чек ара бекетин күтүүсүз текшерди.

Ташиев ал жердеги реалдуу абал менен таанышып, кемчилдиктерди көрүп, тийиштүү жетекчилерге жана кызматкерлерге жеринен тапшырмаларды жана эскертүүлөрдү берди.

Ошондой эле, чек ара өткөрүү пунктунда эки тарапка өтүп жаткан жарандардын узун кезекте турганына күбө болду жана мындай абалга жол берип жаткан кызматкерлерге ыкчам иштөөгө, айрыкча жарандардан жана унаалардан пара алууга, коррупцияга жол берилбеши керектигин катуу эскертти.

Алдыда дагы өлкө аймагындагы чек ара өткөрмө жайларына жана башка мекемелерге күтүүсүз текшерүүлөр менен бараарын, эгер талаптагыдай жумуш жүрбөй жаткан болсо, аёосуз чаралар көрүүлөрүн белгиледи.

566