Сокулук районундагы «Эдельвейс» балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Төш-Булак айылында жайгашкан, жалпы аянты 5,20 га жана аянты 493,8 чарчы метр ар кандай курулуштары бар «Эдельвейс» балдар ден соолукту чыңдоо лагери мамлекеттин балансына өттү. 2004-жылы бул лагерди жеке жактар менчиктештирип, бир нече жолу ар кандай адамдарга кайра сатканы аныкталган.
Объекттин баалоо наркы 320 млн.651 миң сомду түздү.