7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Париждеги жайкы олимпиада оюндарына катышчу спортчулар менен жолугушту

569

Бүгүн, 30-июнда, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Парижде өтө турган 2024-жылкы жайкы олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан бара жаткан грек-рим, эркин күрөш жана кыз-күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев олимпиада оюндарына катышуучу балбандарга ийгилик каалап, күрөшчүлөрдүн ар бири жеңишке татыктуу экендигин баса белгиледи.
Мындан тышкары төрага, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен спорттун кайсыл түрү болбосун, ар бир тармакка өзгөчө көңүл бурулуп, тийиштүү шарттар, муктаждыктар камсыздалып жаткандыгын кошумчалады.
Аны менен катар Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы ар дайым алгылыктуу жеңиштерди тартуулап, өлкө желегин бийик желбиретип келгендигин эске алып, аларга өзгөчө көңүл буруу менен, мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөөрү маалымдалды.
Камчыбек Ташиев алдыда боло турчу жайкы олимпиада оюндарында кыргыз балбандары өзгөчө жеңишке жетишет деген тилектештигин айтып, ак жол каалап, күрөшчүлөргө акчалай сыйлык жана белектерди тапшырды.
Белгилей кетсек, Парижде өтө турчу 2024-жылкы жайкы олимпиада оюндарына Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу күрөш боюнча 10 жолдомо алынды.

570