Сойкулукка каршы күрөшүү иштеринин алкагында Бишкектин Биринчи май РИИБинин башчысы менен Биринчи май районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, милиция менен мэриянын 10 кызматкерине жана УКМКнын айрым кызматкерлерине катуу чаралар көрүлдү.
Ташиев буга чейин 1-декабрга чейин республика боюнча интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды жабууга тапшырма берген.