7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Түркиянын улуттук чалгындоо уюмунун башчысы менен жолукту

410

Бүгүн, 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрагим Калын менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев эки өлкө ортосундагы көп тараптуу кызматташтыктын манилүүлүгүнө токтолуп, өзгөчө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюму менен биргеликте ар тараптуу атайын иш-чараларды уюштуруп, алар ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле төрага Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын маанилүүлүгүнө токтолуп, мындай жолугушуулар эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө чоң салымын кошот деген ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан Түркия менен эң жакын стратегиялык өнөктөш катары, кайсыл тармак болбосун ар дайым кызматташууга даяр экендиги кошумчаланды.

Өз кезегинде Ибрагим Калын жылуу тосуп алуу жана меймандостук үчүн кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, Түркия Республикасынын лидеринин Кыргызстанга болгон сапары алар үчүн да өтө маанилүү экендигин айтып өттү. Ибрагим Калын өз сөзүндө Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылууда Камчыбек Ташиевдин орду чоң экендигин белгилеп, өлкөдөгү Уюшкан кылмыштуу топторду жоюу жана аларды каржылоо фактыларын жок кылуу аракеттерин жана чек ара маселесин чечүүдөгү чечкиндүү кадамдарды мисал келтирди.

Тараптардын жолугушуусунда эки өлкө коопсуздук кызматтарынын өз ара кызматташуусун.

411