7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Таласта УКМК кызматкерлери үчүн салынган спорт зал менен таанышты

411

Бүгүн, 12-ноябрда Талас шаарында Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлери үчүн салынган спорт залын көрүп чыкты.

Төрага спорт залында түзүлгөн шарттар менен таанышып, ар бир кызматкер спорт менен жакын болуусу керектигин белгиледи. Ошондой эле, коопсуздук кызматкерлеринин дени сак жашоосу, алардын кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткаруусуна себепчи болоорун кошумчалады.

Бул имаратта волейбол, баскетбол аянтчасы жана кошумча машыгуу залы каралып, тийиштүү жабдуулар орнотулган.

Белгилей кетсек, спорт залын курууга президенттик фонддон 50 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Курулуш иштери 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталып, 2024-жылы бүткөрүлүп, май айында пайдаланууга берилген.

 

 

412