7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Таласта УКМК кызматкерлери менен чек арачыларга батир тапшырды (ФОТО)

486

Бүгүн, 21-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусундагы кызматкерлерине жана УКМКга караштуу чек ара кызматынын аскер кызматчыларына кызматтык үйлөр берилди.

Аталган кызматтан билдиргендей, жаңы батирлердин ачкычын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды. Салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМК ардагерлери, тийиштүү кызматтын өздүк курамы, чек ара кызматынын аскерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Беш кабаттан турган 35 батирдин, 19у УКМК кызматкерлерине, ал эми 16сы чек ара кызматынын аскер кызматчыларына берилди. Өз кезегинде Ташиев коопсуздук кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жаңы конуштуу болуусу менен куттуктап, аларга көрүлүп жаткан камкордуктун баары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле жалпы өлкө боюнча, анын ичинде Талас облусунда УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттар түзүлүп, райондогу ар бир имарат жаңыланганын маалымдады.

Аны менен катар төрага күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлык акылары көтөрүлүп, алардын материалдык- техникалык базасы чыңалганын кошумчалады. Андыктан ар бир кызматкерди мекен коопсуздугу, элдин бейпил турмушу үчүн ак дилден кызмат өтөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, көп кабаттуу турак жайдын курулушу 2022-жылдын октябрь айында башталган. Жалпы аянты 3992 м2 түзөт.

487