Бүгүн 9-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев тарабынан Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө “ВАЗ 2121” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Унаа тапшыруу аземине Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев, Тогуз-Торо РИИБдин начальниги Муктар Атыканов жана ОИИБдин өздүк курамы катышты.
Шаирбек Ташиев өз сөзүндө Тогуз-Торо району облустун алыскы аймактарынын бири экендигин белгиледи. Районго баруучу жолдун катаалдыгын, аба-ырайы тез-тез өзгөрүп тургандыгын айтып, унааны ушул тарапка берүү чечимин кабыл алгандыгын айтып өттү. Мындан ары да Жалал-Абад облусунун башка райондоруна колдоо көрсөтөөрүн белгиледи. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин майрамдары менен куттуктап, коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон зор салымдарын белгилеп, иштеринде ийгиликтер болуусун каалады.
Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев ЖКнын депутаты Шаирбек Ташиевге милициянын жоопкерчиликтүү жумушун жогору баалап колдоо көрсөткөндүгүнө ыраазычылык билдирди.
Мындан сырткары кызматта жетишкен ийгиликтери жана милициянын участкалык инспекторлорунун күнүнө карата бир катар кызматкерлер Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан “Алкыш”, ИИМдин төш белгилери жана медалдары менен сыйланышты.