7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев паспорту жок жүргөн Николай Казейкинге документ тапшырды

700

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Николай Казейкинге Кыргызстандын ID-картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Ушул жылдын 23-майында Facebook социалдык тармагында УКМКнын төрагасынын атына Дядкин Николай Николаевич аттуу жаран Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жарыяланган.

Николай Дядкин өзүнүн кайрылуусунда ата-энесинен эрте ажырап, чыныгы атын билбегендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын паспорттору менен эч качан документтештирилбегендигин белгилеген.

Буга байланыштуу КР улуттук коопсуздук органдары Николай Дядкиндин инсандыгын аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүшүп, жыйынтыгында келип түшкөн архивдик материалдардын негизинде улуту орус, Бишкек шаарында 1991-жылы туулган, Казейкин Николай Николаевич экендиги, ата-энеси чындыгында эле эрте каза болгондугу аныкталды. Учурда үй-бүлөлүү, бир кызы бар.

Белгиленгендей, бүгүн, 12-июнунда Камчыбек Ташиев жекеөзү Николай Николаевич Казейкинге Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

701