Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Айбек Бийбосунов тарткан «Президент» аталышындагы даректүү тасманын үчүнчү бөлүгүндө Садыр Жапаров бийликке жаңы келгенде кандай тапшырмаларды койгонун айтып берди.
Анын айтымында, Жапаров 3 негизги тапшырманы койгон.
«Биринчи негизги маселе, коррупция менен күрөшүү, экинчиси уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана чек араны чечүү маселелери болгон. Эгерде ушул 3 маселени чече ала турган болсок, анда мамлекетибиз жакшы жашайт. Ушул 3 маселени чечишибиз керек деп айткан», — деди Ташиев.



