7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиевдин атын жамынып, үйгө кезекке тургузам деп элди алдап жүргөн киши кармалды

324

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну ипотекалык турак жай берүүгө байланыштуу алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын Б.А.Э. аттуу тургуну мамлекеттик ипотека боюнча кезекти жылдырууну убада кылып, жарандардын акчасын алдап алганы аныкталган.

Учурда ушул сыяктуу фактыларга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы кармалган адамдын аракеттеринен жабыркаган жарандарды, ошондой эле алдамчылык фактылары тууралуу маалыматтарды: (03722) 5-60-49, 0(556) 06-18-83 телефон номерлери аркылуу билдирүүгө чакырат.

УКМК жарандарды сак болуп, алдамчылардын таасирине алдырбоого чакырат жана ипотекалык насыялоо программасына катышуу үчүн арыз берүү процедурасы электрондук түрдө жүргүзүлүп, үчүнчү жарандын ортомчулугун талап кылбасын эскертет.

325