Ташкент шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Борбор Азия боюнча 25-медиа конференциясы өтүп жатат, деп билдирет«Dunyo» маалымат агенттиги.
Аймактагы журналисттер, маалыматтык чөйрөдөгү адистер катышкан иш-чарада маалымат каражаттарынын абалы, сөз эркиндиги туш болгон көйгөйлөр, тармактагы учурдагы тенденциялар жана чакырыктар талкууланып жатат. Бул жолку конференция “Маалымат жеткен жана туруктуу коом үчүн маалымат каражаттарынын ишмердигин камсыздоо” деген темада өтүүдө.
Медиа адистер Борбор Азиядагы сөз эркиндигине чектөө, көз карандысыз, бейтарап журналистиканы өнүктүрүү боюнча ойлорун ортого салышууда. Ошондой эле коомдук кызыкчылыкты көздөгөн журналистика жасалма интеллект баштаган технологиянын өнүгүү шартында кандай өзгөрүүлөргө даяр болушу керектиги талданууда.
Катышуучулар редакциялык иштерде жасалма интеллектти жоопкерчилик менен колдонуу боюнча сунуштар менен таанышып, климаттык жана экологиялык темаларды чагылдыруу боюнча ЕККУ менен ЮНЕСКОнун методикалык көрсөтмөлөрүн талкуулашууда.
Жыйындын алкагында ЕККУнун санариптик платформалар доорунда медиа эркиндигин коргоого арналган жаңы саясий колдонмосу өзгөчө кызыгуу жаратты. Анда сапаттуу журналистиканын көрүнүмдүүлүгүн жана туруктуулугун бекемдөөгө багытталган практикалык чечимдер сунушталган.
Конференцияга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия жана Өзбекстандан медиасфера өкүлдөрү, эксперттик уюмдар, эл аралык түзүмдөр жана академиялык мекемелер катышууда.
Расмий маалыматка караганда, Өзбекстанда учурда 2400гө жакын маалымат каражаты иш алып барып, алардын 65 пайызы — бейөкмөт медиа түзүмдөрү.
ЕККУ 25-жолу уюштуруп жаткан конференцияга Кыргызстандан 15ден ашык журналист, медиа эксперт жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып жатат.



