7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таштандыдан арылбаган Ысык-Көл. Эки күндө 320 миң сом айып салынды

14

Эки күн ичинде Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларга байланышкан бир катар учурлар аныкталып, жалпы 320 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктүн атайын чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, экологиялык милициянын, экотехинспекциянын жана башка тиешелүү кызматтардын адистеринен турган ыкчам топ түзүлдү. Алар жээкте тынымсыз рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Көлдүн жээгиндеги таштандыга толгон 14 тилке аныкталды. 63 протокол жана 49 акт түзүлүп, Укук бузуулар кодексине ылайык, жалпы 320 миң сом айып салынды.  Бул болгону эки күндүн көрсөткүчү экенин эске алганда, көйгөйдүн масштабы олуттуу экени байкалат.

Президент Садыр Жапаровдун жарыялаган акыркы видеокадрлары Ысык-Көлдүн жээгиндеги абалдын чыныгы кейиштүү көрүнүшүн ачып көрсөттү. Айрым эс алуучулар көлдү барктабастан, таштандыларга толтуруп, жээкти булгап жатат. Бул көрүнүш эс алуу маданиятынын өтө төмөн экендигин айкын далилдеди.

Мындан улам өкүлчүлүк эс алуучуларды жана тургундарды Ысык-Көлдү сыйлоого чакырат.

“Ар бирибиз эс алып бүткөн соң өз таштандыбызды жыйнап кетсек, көл таза бойдон сакталат. Ысык-Көлдү булгап, таштанды таштагандарга катуу чаралар көрүлө берет. Жаратылыш бизге ыраазы болсун десек, колубуз менен топтогон таштандыбызды таштанды челекке жеткирүү кыйын деле эмес. – деп белгиленди маалыматта.

Ысык-Көл — келечек муундарга таза жетиши зарыл болгон ыйык мурас.

 

15