Таяк тартыш боюнча Кыргызстандык спортчулар Дүйнө кубогунун II этабында 15 медаль жеңди. Бул тууралуу спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 16-21-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, 12 өлкөдөн 100дөн ашык спортчу катышты.
Спортчулар эки алтын, төрт күмүш жана тогуз коло медаль багындырышты.
Белгилей кетсек, алтын медалды Кымбат Нуржанова, Элдос Айтбаев, күмүштү Бекмырза Токтошев, Дильбара Иманканова, Айжан Анарбекова, Аскарбеков Адилет, колону Азамат Асанов, Адилет Имашов, Нургазы Барманов, Бекжан Өмүралиев, Улук Усупбаев, Келдибек Атайбек уулу, Айгерим Жайлообекова, Эльдана Болотбекова, Дилдора Рахманова алды.