«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы 7 миң сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.
Маалыматка ылайык, маянанын көтөрүлүшү боюнча чечим кызматкерлерге ыңгайлуу иштөө шарттарын түзүү жана шыктандыруу максатында кабыл алынган.
“Мындан сырткары, тазалыкчылардын айлыгын 2023-жылы дагы көтөрүү пландалууда”, — деген ал.