7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажик бийлиги Исфара шаарынын башчысы жарадар болгонун кабарлайт

2629

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан Исфара шаарынын башчысы Баховаддин Баходурзодага ок тийип, жарадар болгонун «Азаттыктын» тажик кызматы кабарлайт.

Маалыматта шаар жетекчиси «Головной» суу сактагычтын башына барып, чек арадагы кырдаалды тынч жол менен чечүүгө аракет жасап жатканда ок тийгени айтылат.  Тажиктердин «Азия-Плюс» агенттиги ок анын ийинине тийгенин жазды. Учурда ал Худжанд шаарындагы ооруканалардын биринде жатат.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылышууларда 31 кыргызстандык жарадар болуп, бир киши каза болгонун билдирүүдө.

Ал эми Тажикстандын «Ховар» улуттук агенттиги Чек ара кызматына таянып тогуз тажикстандык жаракат алганын кабарлады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2630