7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстанда үйүндө мыйзамыз медресе ачкан жаран кармалды

158

Тажикстан ИИМи 9-декабрда Вахдат районунун тургуну Абдухалим Ашуров үйүндө мыйзамсыз медресе ачып алган деген шек менен кармалганын билдирди. Ал сабак өтүп жаткан маалда кармалган.


Укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, Ашуровдун диний билими болгон эмес, ага карабай балдарга исламдын эрежелерин үйрөтүп жүргөн.


Тажикстан ИИМи Ашуров акча табуу үчүн балдары окутуп келгенин, медреседе окуу үчүн эч кандай шарт болбогонун белгилейт.


Тажикстанда жеке медреселерге тыюу салынган, бирок айрым учурда жергиликтүү молдолор ата-энелердин суроосу менен балдарга исламдын эрежелерин үйрөтүп жүрүшөт. Ошол эле маалда өлкөдө мамлекеттик медреселер дагы жок. Акыркы ислам мектеби 2016-жылы жабылган. Анда бийлик жаштарды экстремисттик топтордон оолак кармоо үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Бул арада Тажикстанда калктын 90% ашууну ислам динин тутат.


Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети медреселерди ачууга эч кандай зарылдык жок деп эсептейт.


Өлкөдө Ислам институту бар, ал жерде диний билим берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

159