Баткен районунун Кожом-Булак жергесинен Тажикстандан Кыргызстанга 18 коробка тамекини мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан Н.К. аттуу кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, алар тамекиден сырткары жүк ташуучу унаанын 2 даана дөңгөлөгүн табышкан.
Кармалган товарлардын болжолдуу баасы 670 миң сомду түзөт. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана товарлар андан ары териштирүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.