Электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-март күнү С.М.С. аттуу жаранынын башкаруусундагы ак түстөгү “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Текшерүү учурунда унаанын ичинен жалпы баасы 500 миң сомдон ашык, Тажикстандан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал Лейлек районунан чыгып Кыргызстандын аймагына тереңдеп кирип келе жаткан.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.
Бул факты боюнча ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.