7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

361

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 12-мартта, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунда Тажикстандын президентин өлкө башчы Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинди, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулду, ардак кароол тизилди.

Улуттук кийимчен кыздар Эмомали Рахмон менен учурашып, ага гүл сунушту. Мамлекет башчылары кыргыз жана тажик музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.

Мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 13-мартта, өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

362