Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалган кыргыз жараны Уразбек Мирзоев кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Уразбек Мирзоев Кыргызстанга “Кулуңду-Автожол” көзөмөл өткөрмө бекети аркылуу келген. Кыргызстандын компетенттүү органдары изилдөө иштерин жүргүзүшөт.
Белгилей кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылынын тургуну Уразбек Мирзоев Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Кыргыз жараны жубайы менен маршруттук таксиге түшүп, Худжанд — Канибадам трассасындагы Жигдалик (Тажикстан) айылына багыт алган.