7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандын жана Азербайжандын президенттери Садыр Жапаровду куттуктады

354

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу менин куттуктоолорумду жана жакшы тилектеримди кабыл алыңыз. Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстандын элине тынчтык, бейпилдик жана туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалайм. Жакында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумунун аянтчасында өз ара түшүнүшүү жана өз ара урматтоо маанайында биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин актуалдуу маселелерин ар тараптуу талкууладык. Бул жолугушуунун оң натыйжаларына канааттанганымды билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы бардык деңгээлдеги мамлекеттер аралык диалогду улантууга кызыкдар экенибизди баса белгилейм. Тажик-кыргыз достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери биргелешкен күч-аракеттердин аркасында мындан ары да өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ийгиликтреди каалады.

«Ушул маанилүү юбилейге – Сиздин туулган күнүңүздүн 55 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана чың ден соолук, узун өмүр жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүктө ийгиликтерди каалоолорумду кабыл алыңыз. Сиздин чечкиндүү жетекчилигиңиздин аркасында бүгүнкү күндө Кыргызстанда социалдык-экономикалык өсүштү камсыз кылган жана эл аралык аренада кадыр-барктын көтөрүлүшүнө өбөлгө түзгөн реформалар жана масштабдуу курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Бир тууган өлкөнүн бул ийгиликтери бизди абдан кубандырат. Акыркы мезгилде биз жасаган өз ара сапарлар, жолугушуулар жана пикир алмашуулар мамлекеттер аралык мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем бергендигин канааттануу менен белгилегим келет. Өз ара ишенимге жана колдоого негизделген, боордош элдердин эркин чагылдырган мамилелерибиздин кеңейишине, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктүн калыптанышына кошкон Сиздин чоң салымыңызды жогору баалайм. Биз мындан ары да азербайжан-кыргыз мамилелеринин жакшы салттарын бекемдөө, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди ырааты менен улантабыз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

355