Тажикстандын жарандары президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары бара жаткан унаага таш ыргытышкан. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген.

Милициянын маалыматына караганда, жаңжал 29-июлда болжол менен саат 20:00дордо болгон.

«Тажик жарандары Ак-Сай айыл башчысынын унаасын ташбаранга алышкан. Анын ичинде президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары дагы болгон»,- деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Баткен райондук ички иштер органдарында КР Кылмыш кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча катталды. Андан кийин Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин Ифара райондук милициясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүсү болду. Жыйынтыгында тажик тарап келтирилген зыяндын ордун толтурат.