7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тээ Бишкекте отуруп алып элдин атынан сүйлөгөн саясатчы сөөрөйлөр, ойлонгула!

1198

«Тээ Бишкекте отуруп алып элдин атынан сүйлөгөн саясатчы сөөрөйлөр, ойлонгула!», — дейт Нургазы Анаркулов өзүнүн Facebook баракчасына.

Ал маселени түшүнүп, түшүнбөй эле «Ворухка коридор берип салыптыр»- деп дезинформация таркатып жаткандарга кайрылып, туура эмес ушак маалыматтарга эл кээде ишенип кетерин айтат.

«Туулуп өскөн касиеттүү Баткеним, эл аралап, туугандарымдан кабар алып, жүрөк ооруп турат. Башка түшкөн кайгынын масштабын сөз менен айтып түшүндүрүп берүү кыйын. Ушул тапта дагы жердештерим тынчтыктын толук орногондугуна ишенбей, кылымдар бою эриш-аркак жашап келе жаткан коңшулардан кооптонуп турушат. Тээ Бишкекте олтуруп алып элдин атынан сүйлөгөн саясатчы сөрөйлөр, бир нерсе деп келжирештен мурун, «бул сөзүмдүн залакасы кандай болуп калышы мүмкүн?»- деп да ойлонуп койсоңуздар. Анткени, эл бүгүн туура эмес маалыматтан тажап турат, огобетер дурбөтүүнүн кереги жок.

Элдин маанайы менен ойной турган учур эмес.

Маселени түшүнүп, түшүнбөй эле «Ворухка коридор берип салыптыр…»- деп дезинформация таркатып жатасыңар, эл ишенип кетет кээде буга. Арийне, туура маалымдоо жүрбөсө, ушак жеңет да. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү жетекчилер жетишилген келишимдер жөнүндө жетиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзө албай жатат, моюнга алыш керек. Ошондуктан, маалыматтык вакуум жаралып, эл дүрбөткөн ушакчылар утуп жаткандай…

Дагы бир байкалган нерсе — Баткен эли кыйынчылык учурда кол сунган мекендештерге ыраазы. Жардам колун сунган адамдардын көпчүлүгү өз аты-жөнүн ачыктабастан, «Рамазан айында Аллахым ыраазы болсун»- деп гана берчүсүн таштап кетип жатат. Алла Таалам ыраазы болсун!

Ар кандай фейк аккаунттар аркылуу бийлик башында турган адамдарга көө жаап жатышат. Кара пиар күч. Бирок, Баткен эли бүгүн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев тууралуу таркатылып жаткан ушактарга ишенген эткен жок. Кечээ коогалаң учурунда Камчыбек Ташиевдин ишин эл туура баалап, баатыр катары кабыл алып жатышканын ачык айтып коюшум керек. Канча каралаган менен, ниети таза адамга чаң жукпайт тура…

Баткен, элим, биз сени менен! Өлкөбүздө тынчтык, ырыскы ынтымак болсун. Туткан орозоңуздар кабыл болсун! Эртеңки айт маарек болсун!», — деп жазган ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1199