АКШнын Техас штатынын губернатору Грег Эббот аймактагы токой өртүнөн улам өзгөчө кырдаал жарыялады. Өрт 26-февралда башталган.
Маалыматка караганда, өрт 240 миң гектарга жакын аянтты каптады. Панхандл шаарында дээрлик 5 миң тургун эвакуацияланды. Өрттүн тез жайылышына катуу шамал себеп болгон.
Бул өрт аянты боюнча экинчи орунда турат.