7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Темир Сариев “Кыргызстан ЭКСПО 2025″ көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

121

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын негизги милдети өзгөчө өлкө ичинде туруктуу негизде көргөзмөлөрдү өткөрүп туруу болуп саналат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев «Кыргызстан ЭКСПО 2025» көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чаралардын башкы максаты ата мекендик өндүрүшчүлөргө өздөрү өндүргөн продукцияны көрсөтүү жана тааныштырууга, ошондой эле Кыргызстандын, анын ичинде аймактардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүгө шарт түзүп берүү болуп эсептелет.

Мындан тышкары, көргөзмөлөр өнөктөштөрдү табууга жана экспорттук багыттарды аныктоого жол ачат.

«Азыркы көргөзмөгө 150дөн ашык компания жана миңге жакын ишкерлер катышууда. Мында кыргызстандык гана эмес, Кытай, Түркия, Венгрия, Иран, Казакстан жана Өзбекстандан келген компаниялар дагы өздөрүнүн өндүмдөрүн көрсөтүшүүдө. Бул көргөзмөнүн өзгөчөлүгү биринчи жолу «Кыргызстан ЭКСПО 2025″ аталыш менен эл аралык деңгээлге чыгарылып жаткандыгында. Ошондой эле келерки 2026-жылдагы ири иш-чараларга даярданып жатабыз, анткени Кыргызстан ШКУга төрагалык кылат. Анын алкагында биз бир катар форумдарды жана чоң эл аралык ЭКСПО көргөзмөсүн өткөрүүнү пландап жатабыз», — деп белгиледи Темир Сариев.

122