Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында темир жолу бекетинин аймагында мунай зат сакталуучу жайдан өрт чыкты.
ӨКМден билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө саат 16:11де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2, Москва райондук №15 ӨКБдан 1күжүрмөн эсеп жана Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам топтору тартылган.
Мындан сырткары 17:00дө Ленин райондук №6 ӨКБдан кошумча 1 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 4 бөлүм тартылды.
Кошумча маалымат берилет.