«Бир катар ММКларда жана интернет баракчаларда СДПК партиясынын жаш лидери Темирлан Султанбековду белгисиз адамдар сабап кетиптир»- деген маалымат таркаган.
Султанбеков бул маалыматты төгүндөп, эч кандай кол салуу болбогонун, тескерисинче эс алып жүргөнүн жазат.
«Некий журналист Тынчтык Алтымышев (с которым, к сожалению, я не знаком) распространил информацию, что якобы меня кто-то избил. Я хотел уточнить у него, а кто избил-то, когда и где это произошло? Столько фейковой информации о нас и нашей партии в последнее время идёт, значит другие партии уже начали бояться, не бойтесь, я отдыхаю в горах после болезни» -деп жазган.
Жаш саясатчынын оорудан айыгып чыкканы бир жаңылык болсо, «Башка партиялар бизден коркуп баштады» -дегени, бүдөмүк ойлорду андан бетер кызытууда.
Эске салсак, Темирлан Султанбеков, мурдагы президент, учурда абакта жаткан саясатчы Алмазбек Атамбаев түптөгөн СДПК партиясын жетектейт. Алардын партиясы Бишкек шаардык кеңешине 5 мандат менен келип, аппозицияда калды. Алдыда, 26-августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болуп өтөт. Бирок, төшүн каккан оппозиция бир дагы талапкер сунуштай алган жок.
Каттоо кечээ, 18-август кечки 18:00дө аяктады. Учурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиевден башка эч ким талапкер катары катталган жок.