«Терезелер кыйшак коюлган». Видеодогу дооматтар толугу менен текшерилип, четке кагылды
99
Социалдык тармактарда тараган көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш ишине байланыштуу иш териштирилди. Бул тууралуу Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна белгисиз адам өзүнүн көз божомолу менен доомат коюп, аны интернет тармактарына жарыялаган.
«Видеодогу дооматтар толугу менен текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым терезелердин ойдуңдарын туура эмес көрсөтүп “кыйшык койгон”-деп айткан. Газаблоктор боюнча — долбоордо толуктоо болуп, демонтаж болуп жаткан кезде тартып алган.
Ошондой эле, бетондун сапаты боюнча дагы лабораториялык үлгү алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында бетондун сапаты 96 пайыз деңгээлден жогору экени аныкталды. Ошондой эле бетон кыйшык куюлган деген доомат дагы тастыкталган эмес. Башка мыйзам бузуулар аныкталган жок. Бул жалган маалыматты тараткан аккаунт, буга чейин дагы мамлекеттик имараттардын курулушуна шек келтирген мүнөздөгү маалыматтарды жарыялап жүргөн», — деп жазылат маалыматта.