7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясы Айтматов проспектисиндеги жер тилкелери боюнча 29 доо арызын кайтарып алды

309

Мэр Айбек Джунушалиев Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жер тилкелерине байланыштуу 29 доо арызын кайтарып алууну тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул чечим маселелерди соттон тышкары чечүүгө жана жер ээлери менен натыйжалуу байланыш түзүүгө багытталган.

Ленин районунун акимине алгач жарандарга альтернативдүү, бирдей жер тилкелерин берүү жана баш тартылган учурда, учурдагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кадастрдык наркына жараша компенсация төлөөнү карап чыгуу тапшырылды.

Мэрия жерди пайдалануу боюнча бардык маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилишин камсыз кылууну улантат.

310