Тез жардам унаасына жол бошотпогон айдоочуларды аныктоо максатында Бишкек шаарында «Маяк» деп аталган рейд өтөт. Бул тууралуу шаардын Кайгуул милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, тез жардам кызматынын дарыгерлери коронавирус пандемиясынан улам элге ыкчам медициналык жардам көрсөтөрү, бирок айрым айдоочулар аларга жол бошотпой тоскоолдук жаратаарын белгилешкен.
«Мындай туура эмес кадамдар калкка жардам көрсөтүүнү кечеңдетет. Белги берип келе жаткан Тез жардам унаасын өткөрбөй койгон айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Эреже бузуулар кодексинин 132-беренесинин негизинде протокол түзүлөт», — деп айтылатт маалыматта.
Эскерте кетсек, аталган берене боюнча 10 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган.