The New York Times Кыргызстанды саякаттоо үчүн эң кооз жерлердин тизмесине кошту. Бул тууралуу Азаттык Үналгысы “The New York Times”басылмасына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, The New York Times басылмасынын «2026-жылы саякаттай турган жерлердин» тизмесине Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорун кошкон.
Макалада өлкөнүн чыгышынан батышына чейин созулуп, Теңир-Тоону аралап өткөн багыт сунушталат. Жалпы узундугу 1 243 чакырымды түзгөн бул жолду басылманын Travel бөлүмүнүн редакторлору Борбор Азиядагы эң таасирдүү жөө жүргөнгө ылайыктуу деп мүнөздөшөт.
Негизги кооз жайлардын катарында Көл-Суу көлү, XV кылымда курулган Таш-Рабат кербен сарайы, ошондой эле Саймалуу-Таш аймагы бар.
Редакторлор аймакка июндан сентябрга чейин саякаттоону сунушташат. Алар белгилегендей, бул маалда ашуулар ачылып, тоо көлдөрү тоңо элек болот.
The New York Times басылмасынын журналисттеринин баамында, бул маршрут жаратылышты, тарыхты жана көчмөндөрдүн мурасын бириктирген, 2026-жылы сөзсүз көрүүгө тийиш болгон багыттардын бири.
Быйылкы тизмеге Борбор Азиядан бир гана Кыргызстан илинген.



