7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тик учактын кыйрашы боюнча айрым кызмат адамдары иштен алынды

605

 Ми-8 тик учагынын кыйрашы  боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ага байланыштуу Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары убактылуу иштен бошотулду.

Мындай чара тергөө иштерин объективдүү жүргүзүү максатында кабыл алынгандыгын Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Эске сала кетсек, 17-январда ККнын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.

Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон. Жабыркаган 10 адам учурда Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.

 

606