Жалган маалымат таратууда жооперчилик бар, ал эми пикирин айтууга ар бир жаран укуктуу. Бул тууралуу Адилет Калыгулов социалдык тармактагы баракчасына билдирди.
«Журналистика менен блогерлик кесиптин, активист менен саясатчынын айырмачылыктары эмнеде? Деги эле ушу нерселерди бөлүп түшүнүү керекпи же жалпылап эле “саясатчы” деп таануу керекпи?
Жаш кезде кайсыл бир сөз же сүйлөмдүн туура жазмасын гезиттерден карап, теледен, китептерден издечү элек. “Аа, бул сөздүн туурасы мындай жазылат турбайбы, бул гезиттен окудум”,- деп ошол журналист, кабарчы жазган тамгаларга карап түздөнчүбүз.
Айтайын дегеним журналист кесиптин ээси болуу үчүн өмүрүңдүн 5 жылын ошол тармакка арнайт эмессиңби. Бул кесип- бийликтин бир бутагы. Журналист кесиби бир гана көркөм жазуу же курч макалаларды чагылдырууда эмес. Журналистика- бул бийик деңгээл. Көптөгөн мамлекеттерде журналисттерге өзгөчө мамиле жасалат. Баш кесмек бар, тил кесмей жок деп да айтылат. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, ыйык журналистиканын кадырына доо кетирип, баркын түшүрүп жаткан жагдайлар өкүндүрбөй койбойт. Блогерлерди журналист деп таануу адашкандык. Блогерлерди нейротүшүнүк менен караганда алар- активисттер. Мурда активисттердин иш аракетин журналисттер чагылдырып, жазып келишсе, бүгүн алар журналисттердин кызматына көз каранды эмес.
Дегеним, кайсыл бир блогерге карата чара көрүлгөн учурларда “сөз эркиндигине, журналисттерге кысым” деп кабыл албаш керекпи дейм. Чала молдо дин бузат болуп, блогерлер журналистиканын табиятын бузуп, көлөкө түшүрүшүүдө. Мурда элдин үнү парламентте айтылып, ошол жерде талкуу болот эле. Азыр алар кнопка басып, элдин эмес өз кызыкчылыгын коргоо менен гана алек. Албетте, баары эмес, арасында чыныгы эл өкүлдөрү да бар. Трибунада бирди, чай ичкенде башкачасын сүйлөгөн депутаттар да болгон. Көчөгө миңдеген элди ээрчиткен лидерлерибиз да аз эмес эле. Бүгүн көчөгө ашып кетсе 10-20 кишини гана топтой алышат. Себеби, кечээки жаш Эшмат бүгүн 40-50 жаштагы киши, балдардын атасы, жубайынын сүйүктүүсү, ал бир саясатчынын куралы, курмандыгы болгусу келбесин түшүндү, акыл кирди, аң сезим бийиктеди. Ал эми бүгүн чыгып келе жатышкан жаш активистер көчөгө чыкпайт, жаккан нерсесине, колдогон кишилерине сөөмөй учу менен лайк басып, оюн комментарийде калтырат. Кыскача айтканда көчө митинги соцтармактын ичинде болууда. Микрофонго жулунбай пикирин бир паста жазып коюшууда. Демек, пикириң каякта айтылбасын, кылган иштериң каякта болбосун сен ага жооптуусуң. Албетте өз оюуңду бийлике ачык айтууга болот, талап да коё аласың. Бийлик элдин үнүн угууга милдеттүү.
Андыктан, ар нерсени өз атынан атоону өздөштүрөлү. Соцтармакта миллиондогон жарандар олтурат, жазганыңды, сүйлөгөнүңдү калың катмар окуйт, угат, демек сөзүбүзгө жоопкер экенибизди түшүнөлү. Өз пикирин айтуу менен баш аламандыкка чакыруунун айырмасын тийешелүү органдар да так аныкташы керек. Маалымат таратуу менен, өз пикирин билдирүү такыр эки башка. Жалган маалымат таратууда жооперчилик бар, ал эми пикирин айтууга ар бир жаран укуктуу…»,-дейт Калыгулов.