7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тилек Токтогазиев эртең маалымат жыйын өткөрөт

429

Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев эртең, 3-февралда аткарган иштери тууралуу маалымат жыйын берет. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Колдооңуздарга чоң рахмат. Сиздердин ар бир айтылган жылуу сөзүңөр, колдоо максатында жазган каттарыңар жана чалууларыңар демиме дем кошту. Бул мен үчүн абдан жагымдуу.

Министр катары жумушка киришкен күнү мен сиздерге отчёт берем деп убада бергем. Андыктан, эртең 100 күндүн ичинде биздин команда кандай ири долбоорлорду ишке ашырганын айтып берүү үчүн маалымат жыйын беребиз. Баса, азыр мен жөнүндө, министрлик жөнүндө ар кандай ушактар айтылып жатат. Сиздерди ишенимдүү булактардын такталган маалыматтарын гана окууга чакырам», — деп жазды ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

430