7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ ЭМУнун Борбордук Азиядагы региондук координатору менен жолугушту

364

Кечээ, 28-апрелде Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Эл аралык миграция уюмунун Казакстандагы, Кыргызстандагы, Түркмөнстандагы, Өзбекстандагы миссиясынын башчысы, Эл аралык миграция уюмунун Борбордук Азиядагы региондук координатору Зейнал Гаджиев менен жолугушту.ТИМ ЭМУнун Борбордук Азиядагы региондук координатору менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт менен ЭМУ ортосундагы өз ара карым-катыштын артыкчылыктуу багыттары, атап айтканда, адам сатууга каршы аракеттенүү жана ага каршы күрөшүү, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү эмгекчи-мигранттарына колдоо көрсөтүү максатында жүргүзүлүп жаткан долбоорлор талкууланды. ЭМУнун Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки миграция саясатынын концепциясын иштеп чыгууга көрсөткөн жардамына ыраазычылык билдирилди.

Ошондой эле, Р.Казакбаев ЭМУдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памир аймагында жашаган этностук кыргыздарга кошумча гуманитардык жардам көрсөтүүсүн колдоого алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды.

ЭМУнун Борбордук Азиядагы региондук координатору кызматташтыктын учурдагы деңгээлин жана Кыргыз Республикасынын Алматы процессине атап айтканда, мыйзамсыз жана чек ара жанындагы миграциянын көйгөйлөрүн чечүүгө катышуусунун маанилүүлүгүн жогору баалады.

Жолугушуунун аягында эки жак тең эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

365