7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ: «Фейсбук» корпорациясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыктар экендигин билдирди

539

9-сентябрында Тышкы иштер министрлиги «Фейсбук» корпорациясы менен бирдикте санарип дипломатия боюнча вебинар өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара эл аралык маалымат мейкиндигинде өлкөнү жана анын кызыкчылыктарын натыйжалуу пропагандалоо үчүн социалдык тармактарды натыйжалуу колдонууга арналган.

Фейсбуктун Коомдук саясат боюнча башчысы Джордж Чен  Кыргызстан санариптик дипломатия боюнча семинар уюштурулган Борбордук Азиядагы биринчи өлкө болгонун белгиледи. Ошону менен бирге  «Фейсбук» корпорациясы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Ал эми Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Фейсбуктун бардык командасына Фейсбук жана Инстаграмдагы элчиликтердин баракчаларын верификациялоо үчүн көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Фейсбук командасына КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү, Коргоо министрлигине COVID-19 эмдөө программасын жарнамалоого жардам бергени үчүн ыраазычылык айтып, бул маселе боюнча мындан ары тыгыз кызматташууга үмүт билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

540