7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ Индияда каза болгон келиндин сөөгүн алып келүүнү карап жатканын билдирди

7405

Нью-Делинин Калкаджи аймагында 28 жаштагы кыргызстандык аял менен анын бир жаштагы уулунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу The Indian Express басылмасы жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, маркум Мыскал Жумабаева менен анын баласынын сөөгү дос кызынын батиринен табылган, бутуна бир нече жолу бычактан жаракат алган. Окуя болгон жерден ашкана бычагы болгон. Милициянын маалыматы боюнча, кыргызстандык аялдын беш айлык боюнда болгон.

 

Тергөөдө белгилүү болгондой кыргызстандык Мыскал Жумабаева күйөөсү менен урушуп кетип, Өзбекстандык курбусу Матлюба Мадусмоновага ичи ооруп жатканын айтып чакырган. Ооруканага көрүнгөн соӊ Матлюба Мыскалды уулу менен кошо Калкаджидеги үйүнө алып келген. Эртеси 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түнү алардын өлүгү табылды. Милиция учурда тергөө уланып жаткандыгын билдирген.

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маркум келин менен баласынын сөөгүн Бишкекке алып келүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Ушул тапта кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган экен. Шектүүлөр Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7406