7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ: Иракта кармалган жаран Кыргызстанга кайтып келди

208

Иракта кармалган кыргызстандык А.Женалиева Кыргызстанга кайтып келгенин ТИМден билдиришти.

2025-жылдын 7-ноябрынан тарта социалдык тармактарда Кыргызстандын жараны А.Женалиеванын Иракта кармалгандыгы тууралуу маалыматтар тарай баштаган. Ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги маселени тактоо жана жарандын укуктарын коргоо багытында ыкчам иштерди баштаган.

Элчиликтин кызматкери маселе толук чечилгенге чейин Ирактын тиешелүү органдары менен өз ара аракеттенип, кармалган жарандын жакындары менен туруктуу байланышта болуп, телефон сүйлөшүүлөр аркылуу кеңири маалымат берилип турган.

Жыйынтыгында А.Женалиеванын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн өлкө аймагынан мажбурлап чыгарылышы тездетилип, 2025-жылдын 26-декабрында ал Кыргызстанга кайтып келген.

Министрлик жарандарды жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого чакырат.

209