7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ: Элчиликтин кызматкерлери Тажикстанда жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандары менен жолугушту

667

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин кызматкерлери Тажикстанда жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандары менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-майында Кыргызстандын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери Тажикстандын жаза өтөө мекемелеринде жазасын өтөп жаткан КРнын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ТРнын Вахдат шаарындагы 1-ЖӨМ, Душанбе шаарындагы 4-ЖӨМ жана Явон районундагы 6-ЖӨМ жазасын өтөп жаткан КРнын 4 жараны менен жолугушуу өткөргөн.

Иш сапардын жүрүшүндө Элчиликтин кызматкерлери КРнын жазасын өтөп жаткан жарандарын кармоонун шарттары менен таанышышкан. КРнын соттолгон жарандарына алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын комплекстүү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген.

Мындан тышкары, мекемелерге баруунун алкагында Элчилик тарабынан ТРнын компетенттүү органдары менен өз ара байланышта КРда жашаган туугандары менен соттолгон КР жарандарынын видео байланышы уюштурулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

668