Ошто Жеңиштин 77 жылдыгана карата ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине сый-урмат көрсөтүү уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата Ош шаарынын бардык вице-мэрлери, шаардык кеңештин төрагасы, мекеме-уюмдардын жетекчилери ардагерлердин жана тыл эмгекчилеринин үйүнө барып Жеңиш күнү менен куттукташты. Ардагерлерге акчалай жана майрамдык тамак-аш түрүндө колдоо көрсөтүштү.
Учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 4 ардагери жана 6 тыл эмгекчиси жашайт.