7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ АКШда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылды

161

Америка Кошмо Штаттарында жүргөн жана өлкөгө барууну пландап жаткан Кыргызстандын жарандары АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоо зарыл. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлады.

АКШнын расмий маалыматына ылайык, чек араны мыйзамсыз өтүү, өлкөдө уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калуу, жараксыз же жасалма документтерди колдонуу олуттуу укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Алардын катарына кармоо жана камакка алуу, депортациялоо, өлкөгө кайра кирүүгө туруктуу тыюу салуу, административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылуу кирет.

Кыргыз Республикасынын жарандары АКШга мыйзамдуу жол менен кирип, бирок уруксат берилген мөөнөт бүткөндөн кийин өлкөдөн чыкпаса, алар АКШнын миграциялык мыйзамдарын автоматтык түрдө бузган болуп эсептелет. Мындай адамдар АКШнын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан кармалуусу, ири өлчөмдөгү айып пулга жыгылуусу, узак мөөнөткө эркинен ажыратылуусу жана Америкага барууга тыюу салууга кабылуусу мүмкүн.

ТИМ жогоруда көрсөтүлгөн кесепеттерге жол бербөө максатында, АКШда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктарга аталган өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланууну сунуштады. Айрым учурларда чет өлкөлүк жарандарга өлкөсүнө кайтуу үчүн АКШнын өкмөтү тарабынан каржылык жана башка жардам көрсөтүлүшү мүмкүн.

Бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн CBP Home тиркемеси аркылуу www.dhs.gov/cbphome шилтемеси менен кирип, каттоодон өтүү зарыл.

Эгерде АКШда жүрүүгө байланыштуу кошумча суроолор жаралса, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине же Чикаго шаарындагы башкы консулдугуна кайрылуу керек.

162